• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

4-8-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. 4-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

4-сентябрда күндүз жана 5-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-сентябрда күндүз кээ бир райондордо, жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

6-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

7-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-сентябрда күндүз жана 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-сентябрда күндүз тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий