• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кудайберген Базарбаев: Быйыл 10 миң үй-бүлө 100 миң сомдон алды

Коом 0


Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. 2023-жылы “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 10 миң үй-бүлөгө мамлекеттен 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилди. Бул үчүн бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал эми өткөн жылы аталган долбоор аркылуу социалдык колдоого муктаж 2 800 үй-бүлө 100 миң сомдон алган.

"Социалдык келишим" долбоору жарандарды жакырчылыктан чыгаруу, үй-бүлөнүн киреше булагын көбөйтүү максатында 2022-жылдан тарта иштей баштаган. Бүгүнкү күндө долбоор өз жемишин берип, 100 миң сомдон алган үй-булөлөр түрдүү багытта бизнес кылышууда. “Социалдык келишим” долбооруна “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алгандар гана катыша алат.

Пикир

Оставить комментарий