• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцөнүктүрүү министрлиги жана ФАО "Жемиштүү социалдык келишим” долбоорунун алкагында кызматташууну улантат

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова жана ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кереши Аднан эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ализа Солтонбекова ФАОго Кыргызстандын элеттик айымдарынын ишкердигин колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган долбоорду ийгиликтүү ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Кереши Аднан ФАОнун негизги багыттарынын бири калкты социалдык коргоо жана азык-түлүк коопсуздугу экендигин белгиледи. Ал "Жемиштүү социалдык келишим” долбоорунун алкагында тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдирди.

Министр А.Солтонбекованын айтымында, бул долбоордун ишке ашышы жергиликтүү калктын аң-сезимине оң таасирин тийгизди. Жарандар туура тамактануу, убакытты туура бөлүштүрүү жөнүндө ойлоно башташты жана ишкердүүлүккө кызыгуу пайда болду.

Ошондой эле ал коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө оор экономикалык кырдаал түзүлүп, анын натыйжасында жумушсуз жарандардын саны көбөйгөндүгүн белгиледи. Министрлик өз күчүн “Жемиштүү социалдык келишим” долбоорунун алкагында калктын аялуу катмарын колдоо боюнча активдүү чараларга багыттайт.

Пикир

Оставить комментарий