• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Россияда эмгектенгендердин балдарын колледждерге жана мектептерге окутуу өтүнүчү менен кайрылды

Коом 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Илим, билим берүү жана маданият боюнча Федерация кеңешинин комитетинин төрайымы Лилия Гумерова менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун биринчи чет өлкөгө иш сапарынын жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, гуманитардык жаатта кызматташууну арттыруунун маанилүүлүгү жөнүндө маселелерди талкуулады.

Кыргызстандын элчиси «Биринчи кесип» шарттуу аталышындагы орто-атайын кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын комплекстүү программасын иштеп чыгууну демилгеледи.

Россия Федерациясында эмгектенгендердин балдарын Россиянын колледждеринде жана мектептеринде окутуу өтүнүчү менен кайрылды.

Кыргыз тарабынын сунушу россия тарабынын кызыгуусун жаратты. Билим берүү жана миграция тармагындагы адистерди тартуу менен тегерек стол өткөрүү, РФнын Федералдык Жыйынынын Федерация кеңешинин «өкмөттүк саатында» демилгени талкуулоо мерчемделди.

Россиянын ЖОЖдорунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын – студенттеринин билим алуусу үчүн квоталарды көбөйтүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө түшүнүккө жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий