• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Ажыбек Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Оңдоо иштерине байланыштуу Ажыбек Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат,- деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 24-майдан тарта унаа кыймылы үчүн Ажыбек Баатыр көчөсүнүн №1 турак үйүнөн Шота Руставели көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Аталган тилкеде “Арёк Курулуш” ЖЧКсы инжерендик байланыш түйүндөрүн өткөрөт: жылуулук түйүнү, суу түтүгү, электр чубалгылары жана канализация. Ишти үстүбүздөгү жылдын 23-июнуна чейин аяктоо пландалууда.
Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздыктарды келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий