• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

20-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 16-декабрдан 20-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

16-19-декабрларда жана 20-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-декабрда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

16-декабрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

16-19-декабрларда жана 20-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-декабрда күндүз кар жаашы күтүлөт.

16-декабрда түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

16-декабрда Ош облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

17-19-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

16-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

17-19-декабрларда жана 20-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

16-20-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

16-19-декабрларда жана 20-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий