• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Бишкекжашылчарба" ишканасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун тарата баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдардагы жылытуу мезгилин ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык, 360 аз камсыз болгон үй-бүлө отун менен камсыздалат.

"Ишкана болжол менен 540 куб метр отунду бекер берүүнү пландап жатат, ал өз кезегинде Бишкектин муниципалдык аймагындагы куураган бак-дарактарды жана бутактарды кыюунун натыйжасында чогултулган", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий