• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Гемодиализ кызматын уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруунун тартиби бекитилди

Ден соолук 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын уюштуруу жана аны жүзөгө ашыруунун тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ага ылайык, бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар бирдей шарттарда кошумча төлөмсүз гемодиализ кызматын алышат. Тагыраагы алар бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүнбөйт.

Бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмун жеке менчик түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан эркин тандоо укугу берилет.

Берилген арыз жана документтердин негизинде бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын электрондук тизмеси түзүлүп, «Бирдиктүү реестрге» киргизилет. Бул дартка чалдыккандардын тизмесин бекитүү туруктуу түрдө атайын комиссия тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Гемодиализ кызматы дарттын оордугуна ылайык жумасына 3 сеанс жана айына 12 сеанстан ашык эмес жолу көрсөтүлөт.

Гемодиализ кызматы үчүн төлөм тиешелүү келишимдин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптарга гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн бирдиктүү төлөөчү болуп саналат.

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар үчүн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн гемодиализдин бир сеансынын төлөм ченеми 2020-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.

Белгилей кетсек, гемодиализ кызматы тийиштүү лицензиясы бар мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий