• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдар онкологиясындагы окуу классынын иштебеши боюнча жетекчилик түшүндүрмө берди

Ден соолук 0

Бишкек, 25.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков аталган борбордогу окуу классынын иштебеши боюнча түшүндүрмө берди.

undefined

Эскерте кетсек, “Помогать легко” коомдук фондунун негиздөөчүсү Динара Аляева Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүндө балдардын билим алуусуна жетекчилик тоскоолдук жаратып жатканын айтып, Башкы прокуратурага кайрылуу жасаган.

Стамбеков өткөн жекшемби күнү төрт мугалим эч кандай алдын ала маалымат бербестен жыйын өткөргөнү келгени боюнча ага телефон аркылуу чалуу түшкөндүгүн айтты.

"Биздин бөлүмдө кандайдыр бир иш-чара болоору тууралуу мага эч маалымат берилген эмес. Биз кеңешип, жумушчу күндөн сырткары жана эскертүүсүз сабак өткөрүүгө уруксат берилбей турганын билдиргенбиз. Анткени, биздин бейтаптардын көбү өтө оор абалда жатышат, алар химиотерапия процедурасын алышат. Мындай бейтаптардын иммунитети начар болуп, сырттан келген адам оңой эле инфекцияны жуктуруп алышы мүмкүн. Биздин бейтаптардын биринчи укугу билим алуу эмес, жашоосун улантуу. Андыктан кайсы балдарга билим берүүгө болорун аныкташыбыз керек. Санэпид норма деген бар, мугалимдер жеңил инфекция менен келип, балдарда ал катталса, эки бөлүм тең 21 күнгө жабылат. Эгер жабылып калса, Кыргызстан боюнча бир гана 20 орундуу Оштогу бөлүм калат. Лейкоз менен оруп жатабы, балдарды эч ким карабай калат”, - дейт ал.

Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунун юристи Айзат Эрнисова бул маселе боюнча билим берүү министрлигине кат жиберилгенине токтолду.

undefined

“Ушул маселени мыйзамдуу түрдө чечип бергиле деп 20-февралга жиберилген катка жооп келе элек. Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек мэриясына дагы кайрылуу жолдогонбуз. Бизге сабак өтүүнүн процедуралык нормаларын иштеп берүүнү суранганбыз”, - деди Эрнисова.

Стамбеков балдар онкологиясындагы окуу классын ачуу үчүн Билим беруү министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Санэпидкөзөмөл департаменти жана онкология бөлүмү өзү болуп жолугуу өткөрүшү керектигин белгилейт.

“Азыр балдар билим албай калышты деп жатпайбы. Бирок статистиканы карасак, биздин бөлүмдөгү балдардын көбү 2-5 жаштагылар. Аларга мектептин кереги жок. 20-30 пайызы гана жети жаштан жогору болот. Жогоруда айтып кеткендей, төрт орган жолугуп, нормаларды иштеп чыгышыбыз керек. Атайын бөлмө дагы даяр. Сырттан келген мугалим эмес, күндө бизде иштегени керек. Эртең менен 40 балага сабак берип, анан бизге келгени болбойт. Балдардын ден соолугу биринчи орунда турушу зарыл”, - деп кошумчалап кетти ал.

Пикир

Оставить комментарий