• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси ШКУ РАТСтын Аткаруу комитетинин директору менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Регионалдык антитеррордук структурасынын (РАТС) аткаруу комитетинин директору Руслан Мирзаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө актуалдуу эл аралык маселелер жана аймактагы кырдаал, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин аймактын көйгөйлөрүн чечүүдө өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу чаралары боюнча кылдат пикир алмашуу болду.

Жаманбаев ШКУнун РАТС аткаруу комитетинин потенциалын жана беделин чыңдоого салым кошууга толук даяр экендигин билдирди. ШКУнун алкагында кызматташуу Кыргызстандын көп тараптуу дипломатиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат жана ал өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий