• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды жабыркагандар үчүн кан тапшырууга чакырат

Ден соолук 0

Бишкек, 30.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда каалоочуларды кан борборлоруна кан тапшырса болорун айтты.

Анын айтымында, керектүү дары-дармек жана медициналык багыттагы каражаттар жетиштүү санда бар.

“Антсе дагы бардык каалоочулар кан борборлоруна барып, жабыр тарткандар үчүн кан тапшырса болот. Күтөбүз”, - дейт ал.

Солтонбекова Баткен жана башка облустагы бардык саламаттык сактоо уюмдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканын белгиледи.

“Ооруканаларда кошумча орундуктар даярдалып, жер-жерлерде тез жардам кызматтары нөөмөттө турушат”, - деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам набыт болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий