• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоонун 44 миңден ашуун учурлары катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоонун 44 миң 106 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен сасык тумоонун 142 учуру лабораториялык жактан тастыкталган. Эскерте кетсек, бардык түрдөгү жана формадагы жалпы билим берүү мекемелерин 2022-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейин онлайн окутууга өттү. Майыптыгы бар балдардын жалпы билим берүү жатак-мектептери 16-30-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрүлгөн.

Сасык тумоо сыяктуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

— беткап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;

— респиратордук гигиенаны сактоо, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;

— өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;

— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, тазалоо);

— балада КРВИ белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз.

Пикир

Оставить комментарий