• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азиз Мурадиллаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Боор оорусу менен алышып жатып 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан актер Азиз Мурадиллаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кайталангыс образдарды жараткан белгилүү актёр менен коштошуу зыйнаты өзү иштеп жүргөн Кыргыз Улуттук драма театрында өттү.

Белгилей кетсек, Азиз Мурадиллаев оорудан улам 17-декабрда узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Мурадиллаев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка алынып, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир жерде эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий