• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек арадагы чыр: Бишкектен Исфана шаарына 9 адис жөнөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектен Баткендин Исфана шаарына медицина тармагындагы 9 адис жөнөтүлөт. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 29-апрелде жабыркагандарга меджардам көрсөтүү максатында Баткенге 15 медкызматкер жөнөтүлгөн.

“Анын курамы нейрохирург, травматолог, өпкө жана кан тамыр хирургу, анестезиолог дарыгерлерден турат. Талас облусунан 7 адистен турган бригада Баткенге жөнөгөн. Бүгүн, 30-апрелде чек арага жакын жерлерден көчүрүлгөн жарандарга жардам көрсөтүү үчүн 4 психиатр жөнөтүлдү”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам набыт болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий