• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунун аймагында жарым жылдын ичинде УКТнын 14 мүчөсү кармалды

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында жарым жылдын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) 14 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде болгон маалымат жыйында Чүй облустук ИИББнин жетекчисинин орун басары Бактыбек Нарчаев билдирди.

Анын айтымында, алар курал сактоо, бейбаштык, алдамчылык сыяктуу ар кандай кылмыштары үчүн кармалышкан.

Ведомстводон кабарлашкандай, кармалгандар ИИМдин тизмесинде турган УКТнын мүчөлөрү.

Пикир

Оставить комментарий