• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 2018-жылда 54 аскер кызматкери батирлүү болду

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын башынан бери 54 аскер кызматкери батирлүү болушкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР Мамкомитеттин коргоо иштери боюнча турак жай - экономикалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Сыргабек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, көп кабаттуу үй 12-кичи райондо жайгашкан жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан курулган.

“Учурда аскер кызматкерлери үчүн 4 көп кабаттуу үй курулууда. Аталган үйлөрдүн курулуш иштери ушул жылдын август айында аяктайт. Бирөө Бишкектеги 12-кичи районунда, үчөө Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндө орун алган”, - деп билдирди Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий