• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

USAID менен ДСУ КР Саламаттык сактоо министрлигине 20 миң беткап жана колкап, 1,4 миң халат тапшырды

Ден соолук 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-март күнү АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) менен биргеликте КР Саламаттык сактоо министрлигине жеке сактануу каражаттарын тапшырышты. Ал Кыргызстан аймагында коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында болуп өттү. Сактануу каражаттары дүйнөдө коронавирстун жайылып жатканын байланыштуу алдын алуу иштерине жардам катары берилди.

Кыргызстанга 10 миң медициналык беткап, 10 миң колкап, 1,4 миң халат, 200 коргоочу көз айнек жана 200 респиратордук бепкат (FFP2) берилди.

Ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчилиги USAID'ден 25 өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга 37 млн доллар бөлүнөрүн билдирди.

КР саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдиргендей, бул жардам обсервацияларга, чек аралардагы карантиндик пункттарга жөнөтүлөт. Учурда ал жактарда 500дөн ашык медицина кызматкери иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий