• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунан 15 дарыгер Бишкек шаарына келе жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Баткен облусунан 15 дарыгер Бишкек шаарына келе жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-июлда Баткен облусунан дагы 15 ыктыярдуу дарыгер Бишкекке коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү максатында сапар алган.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусунан 20 дарыгер Бишкекке келип, учурда ооруканаларда иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий