• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда коронавирус жуктургандардын 70%ы чет мамлекеттен келгендер – облус башчысынын орун басары

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда коронавирус жуктургандардын 70%ы чет мамлекеттен келгендер. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда жалпы 27 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 70%ы же 19 киши сырттан келгендер.

"Алардын ичинен бир киши умрадан , экөө Казакстандан, жети адам Тажикстандан (студенттер) келген жана тогуз киши Россиядан келген оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары. Тилекке каршы облуста 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Учурда коронавирус жуктургандардын ичинен 20 киши айыгып, үйүнө чыгарылган. Жети адам ооруканаларда дарыланып жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий