• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда прокурордун милдетин аткаруучу дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.11.18. / Кабар/. Баткен облусунда прокурордун милдетин аткаруучу дайындалды. Ал кызматка Ороз Бердибаев келди. Бул тууралуу маалыматты “Кабар” агенттигине башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы тастыктады.

Мындан мурда ал Башкы прокуратуранын бир башкармалыгынын жетектеп келген.

Эске сала кетсек, мурунку прокурор Анарбай Мамажакыпов жекшембиге караган түнү киши колдуу болгон. Кылмышка шектелип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалган.

Пикир

Оставить комментарий