• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусундагы 3 мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган Баткен облусундагы 3 мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, насыялык каражаттын эсебинен Баткен шаарында 375 окуучулук орундуу мектептин, Лейлек районунун Голбо айылында жана Кадамжай районунун Чункур-Кыштак айылында 275 окуучулук орундуу мектептердин курулушу жүргүзүлүүдө.

Аталган объекттердин курулушу 2020-жылы башталып, алардын сметалык наркы 2 млн 918 миң 747 АКШ долларын түзгөн, анын ичинен 1 млн 590 миң 140 АКШ доллары каржыланган.

Учурда подряддык уюмдар тарабынан ички жана тышкы жасалгалоо иштери, электр монтаждоо иштери, ошондой эле мектептин спорт залдарынын металл конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мектептердин курулушун 2021-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий