• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун 3 айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

“Чыр чатак орун алган аймактан элдер коопсуз жайларга көчүрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында абал туруктуу, бирок чыңалуу бар экендиги айтылат. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан чыр чыккан.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган. Алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган. Таш тийген эки жаран Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген жаран Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий