• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто жаңы жылдык салтанаттарга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө — милиция

Аймак 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Ош облусунун бардык райондорунда 25-декабрдан 5-январга чейин пиротехникалык каражаттарды сактоо жана сатуудагы коопсуздук чаралар боюнча рейд жүргүзүлүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Ноокат, Чоң-Алай, Араван, Алай, Кара-Суу райондорунун аймагында 25-26-27-декабрь күндөрү райондук ички иштер бөлүмүнүн, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, райондук салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте комиссия түзүлүп, жаңы жылдык салтанаттарга байланыштуу сатыкка чыгуучу пиротехникалык жардырылуучу жасалмаларды сатууда жана сактоодо коопсуздук чаралары боюнча комплекстүү рейд жүргүзүлүүдө.

Райондордун борбордук базарлары, айылдардагы соода түйүндөр текшерүүгө алынып, пиротехникалык жасалмаларды сатуучулардын пиротехникалык каражаттарды сатууга уруксаты жок сатууга тыюу салынарын эскеришти. Аталган иш-чара учурунда жаңы жылдык балаты коюлган жерлерде өрт коопсуздугун сактоо боюнча нускамалар берилди.

Ошондой эле Ош облусу боюнча пиротехникалык каражаттарды сатуучу 20 соода-түйүн текшерилди. Текшерүү учурунда уруксаты жок сатылып жаткан 18 пиротехникалык каражат алынган. Бул иш-чара жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүчү жагдайлардын жана өрт коопсуздугун алдын алуу болуп саналат. Бул иш-чаралар улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий