• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде чек арачылар 1,5 млн сомдук аткезчилик жүктөргө бөгөт коюшту

Аймак 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Баткенде чек арачылар мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылынган бир нече фактыларга бөгөт коюшту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-декабрда Ички иштер министрлигине караштуу Ички аскерлигинин аскер кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте аткезчилике бөгөт коюуу иш-чараларынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Сарай жерлигинде кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын 1995-жылы туулган У.А. атуу жарандын башкаруусунда Мерседец-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын кармашкан.

Транспорт каражатын токтотуу үчүн Ички аскерлигинин аскер кызматкерлери курал колдонгону, тактап айтканда эскертүү иретинде асманга үч жолу ок атышкан. Транспорт каражатын текшерүү учурунда 20 рулон тигүү үчүн кездеме материалдары аныкталган жана бул жүктөргө айдоочуда тиешелүү документтери болгон эмес.

Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда жүктү Тажикистандын аймагына алып өтүшмөкчү болгон.

24-декабрь Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катта-Туз – Арка автоунаа жолунун аймагындагы Ак-Сарай жерлигинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын жарандарынын башкаруусунда Мерседец-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү үч автоунаасын кармашкан.

Автоунааларды текшерүүгө алуу учурунда жүктөргө тиешелүү документтери жок 230 рулон тигүү үчүн кездеме материалдары жана 4 боолонуп оролгон кийим-кечелер аныкталган. Айдоочулардын айтуусу боюнча бул жүктөрдү Тажикистандын аймагына алып өтүшмөкчү болушкан.

Алдын-ала алынган маалыматтардын негизинде кармалган жүктөрдүн жалпы суммасы 1,5 млн сомдон ашуун сумманы түздү.

Тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан соң айдоочулар жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий