• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен районунун аймагындагы мечиттерде дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Табылгы жана Кайынды айылындагы мечиттерде дезинфекциялоо иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдош билдирди.

«Акыркы күндөрү коронавирус илдетти күч алып жатат. Ооруну дарылагандан көрө алдын алган жакшы. Илдеттин жайылуусуна жол бербөө максатында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Баткен облустук казыятынын тапшырмасына ылайык айылдарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, коомчулукка санитардык талаптарды сактоо эрежелери түшүндүрүлүп жатат»,-деди Муса ажы Жолдошов.

Эскерте кетсек, Республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, Баткен облусунда COVID-19 илдетинин жаңы учурлары көп катталууда. Бүгүн, 19-октябрга карата аталган облуста 107 бейтап вирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий