• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен: Турак жайларга коркунуч жараткан таштар коопсуз жерге жылдырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Баткен облусунда турак жайларга коркунуч жараткан таштарды коопсуз жерге жылдыруу иш-чаралары жүргүзүлдү.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын Асти-Дөөт тилкесинде жашаган адамдардын турак үйлөрүнө таш кулоо коркунучу жаралган.

Аталган аймакта 2019-жылдын 1-февраль күнү тоодон 0,8 метр куб көлөмдөгү таш кулап, 1 турак үйдүн сарайынын дубалын талкалаган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жерине жалпысынан 13 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 12 адам жана атайын техникалар тартылган.

"17-февраль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде аскадагы турак жайларга коркунуч жараткан таштарды коопсуз жерге жылдыруу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жалпы 27 метр куб таш жылдырылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий