• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Семёнов — Тянь-Шань" чокусунан дайынсыз жоголгон турист изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. "Семёнов — Тянь-Шань" чокусунан дайынсыз жоголгон турист изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-июлда К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран "Семёнов — Тянь-Шань" чокусуна чыгып кеткен бойдон байланышка чыкпай жаткандыгын айтып, туугандары ӨКМге карйылышкан.

Аталган жаран "Эдельвейс" тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделүүдө.

Кечээ, 23-июлда саат 15:15те күн ысып, кар эрий баштагандыктан, кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан Хижина Рацекага кайтышты. Издөөдөн жыйынтык болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий