• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде 27 айылдык, 6 шаардык кеңештин депутаттары шайланат

Аймак 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Баткен облусунда 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы 218 шайлоо участкасынын 201 шайлоо участкаларында 27 айылдык, 6 шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт.

Депутаттар үчүн жалпы 743 мандат болсо, анын 166сы шаардык кеңештерге, 577си айылдык кеңештерге шайланат.

2021-жылдын 25-февралына карата аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан айылдык кеңештерге өзүн-өзү көрсөткөн 214 талапкердин документтери, ал эми шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн 8 партиядан тиешелүү документтер кабыл алынды.

18-февралга карата жалпы шайлоочулардын саны 278 миң 485 адамды түздү.

Учурда облус аймагындагы 201 шайлоо участкасында шайлоочулардын алдын ала тизмелери илинди.

Облуста Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын календардык планына ылайык иштер алып барылууда.

Пикир

Оставить комментарий