• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 27-февралда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин негизги аспектилерин, саясий жана дипломатиялык, чек ара, соода-экономикалык, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда.

"Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын позитивдүү динамикасын мындан ары өркүндөтүү, жаңы инфраструктура жана аймактар аралык масштабдагы транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болот", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв 11-январда Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган.

Пикир

Оставить комментарий