• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында 12 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Амман шаарында (Иордания) күрөш боюнча жаштар арасында (U 20) Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы эсепте кыргызстандык спортчулар 12 медаль жеңди, анын ичинен 4 күмүш жана 8 коло.

Эркин күрөш боюнча – үч коло:

- Юхан Доктурбек 57 кг чейинки салмак ктегориясында;
- Акылбек Урматов (61 кг чейин);
- Аден Сакыбаев (65 кг чейин).

Грек-рим күрөшү:

- Акыл Сулайманов (60 кг чейин) – күмүш медаль;
- Алибек Бердиев (77 кг чейин) - күмүш медаль;
- Ырысбек Калиев (82 кг чейин) - күмүш медаль;
- Азамат Камилжан уулу (55 кг чейин) – коло медаль;
- Баяман Каримов (63 кг чейин) - коло медаль;
- Абдулазиз Аскарбеков (72 кг чейин) коло медаль;
- Жениш Жумабеков (87 кг чейин) - коло медаль;
- Исамил Гасанов (130 кг чейин) - коло медаль.

Кыз-келиндер күрөшү:

- Гулнура Таштанбекова 68 кг чейинки салмак категориясында - күмүш медаль.

Пикир

Оставить комментарий