• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата эл аралык конференция өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.04.23./Кабар/. Баткенде мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата эл аралык конференция өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара "Ааламдаштыруу доорунда коомду, билим берүүнү жана илимди туруктуу өнүктүрүүнүн заманбап, санариптик трансформациялары: өткөндүн тажрыйбасы, учурдун мүмкүнчүлүктөрү, келечектин стратегиялары" аталышта Баткен Мамлекеттик университетинде өтүп жатат.

Иш-чарага Россия, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан келген делегациялар катышууда. Муну менен катар дүйнөнүн бир катар жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү онлайн форматта катыша алды.

Президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров бүгүнкү илимий конференция улуу инсандын эмгегин деңазалоого зор өбөлгө болорун белгиледи. "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптанышына зор салымын кошкон Абсамат Масалиевдин эмгек жолу, ар бир жаран үчүн мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет”, - деди ал.

Илимий иш-чара окуу жайдын жетишкендиктери, мүмкүнчүлүктөрү жана аймакта өндүрүлгөн экологиялык продукциялардын көргөзмөсү менен коштолду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун улуу инсандын 90 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыгынын алкагында облус аймагында бир катар иш-чаралар өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий