• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келген 700 кг селитра аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келген 700 кг селитра аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, М.у.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө Кыргызстандын аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок селитра аныкталган.

Жүк коңшу мамлекеттен алынып келген, товардын жалпы салмагы 700 кг, баасы 24 миң 500 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, учурда жалпысынан 34 миң 923 сом туумдар жана тийиштүү бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий