• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде бир жыл мурунку чек ара чырында курман болгон аскерлер эскерилди

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Баткен облусунда 2021-жылы 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон аскер кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Чек ара кызматынын 2022 аскер бөлүгүнүн командири Р. Миршакиров катышып, баатырларча курман болгон аскерлердин эрдигин эскерди.

Мындан тышкары, УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчилигинен келген эскерүү каттары өз дарегине жеткирилди.

Жыйынтыгында жоокерлердин элесине гүлчамбар коюлуп, куран окутулду.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 25 аскер кызматкери ар түрдүү жаракат алып, үчөө каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий