• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өткөн тажикстандык кармалды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 19-сентябрында Баткен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Тажикстандын жаранын кармашкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын 1999-жылкы М.М., аттуу жараны кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын көзөмөл пунктунан сырткары жерден өтүп, чек ара кезмети тарабынан Кыргызстандын аймагына чек ара тилкесинен 500 метр аралыкта кармалган. Кармалган жаранда анын өздүгүн тастыктаган документтери жок болуп чыккан.

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык, кармалган адамга айып салынып, тиешелүү документтер толтурулган соң Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнө тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий