• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Баткен шаарында өлкөнүн мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы жана 5-март — Ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул күнү баштарына ак калпак кийип, колдоруна туу көтөргөн жаштар шаар көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, шаардын борбордук аянтына келишти. Бул күндүн урматына уюшулган салтанат шаардын борбордук аянтында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфкан Тулаев, өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков жана Айнагүл Мурзаева, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик мекеме ишканалардын жетекчилери жаштар жана шаар тургундарынын катышуусунда өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө Маруфкан Тулаев өлкөнүн мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы менен куттуктады.

Мындан сырткары, өлкөнүн мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына карата облус аймагында жаштар жана студенттер тарабынан ар кандай флешмобдор да уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий