• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу 62 киши соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу 62 киши соттолду. Бул тууралуу 2-мартта өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлү Ризабек Ожаров билдирди.

Ошол эле маалда ал айыпталуучуларга карата кандай жазалар белгиленгенин жана канча киши абакка кесилгенин так айткан жок.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 162 кишиге карата козголгон 101 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Алардын көпчүлүгү Алматыдагы соттордо каралууда. Алматы шаардык сотунун басма сөз кызматы 1-мартка карата калаадагы сотторго 69 иш келип, алардын 36сы боюнча өкүмдөр чыкканын билдирди.

Январь окуялары боюнча алгачкы сот өкүмү 17-февралда чыккан. Анда Алматы облусунун эки тургуну — Бакыт Онтай менен Ожет Женисхандын ар бири беш жылдан эркинен ажыратылганы кабарланган. Алар "Курал-жарак уурдоо же тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышкан.

Ризабек Ожаров бүгүнкү күндө Башкы прокуратурада "Терроризм", "Жапырт башаламандык", "Талап-тоноочулук", "Уурулук", "Курал-жарак уурдоо" жана "Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча дагы 3666 кылмыш иши тергелип жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары Ички иштер министрлигинде (ИИМ) да 2997 кылмыш иши каралууда. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 194 шектүү камакта отурат. Алардын көбү (152 киши) уурулукка, 22 адам "мыйзамсыз курал-жарак сактаган же уурдаган" деп айыпталууда.

Февралдын аягында Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуялары боюнча кармалган жарандарга карата тергөөнүн уруксат берилбеген ыкмаларын колдонгон деген шек менен тогуз кызматкер кармалганын билдирген.

Казакстанда Январь окуялары маалында жана андан кийин миңдеген адам кармалып, жүздөгөн киши "терроризм", "жапырт башаламандык", "курал-жарак уурдоо" сыяктуу айыптар менен камакка алынган. Алардын көбү камакта катаал кыйноолорго кабылганын билдиришкен. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги тергөө абактарындагы кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Пикир

Оставить комментарий