• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде мектеп окуучулары катышкан мушташтын себеби айтылды

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Күн мурун, 15-апрелде болжол менен саат 13:30да Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин 8-классынын окуучулары ортосунда массалык мушташ чыккан.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган маалымат Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Анын жүрүшүндө Баткен биргелешкен ооруканасына 15-апрелде кечки саат 23:00дөр чамасында Кара-Бак айылынын 15 жаштагы 4 жаш өспүрүмү кайрылгандыгы белгилүү болот.

"Окуучулар урууларга бөлүнүп, өз ара мушташа кетишкен", - деп билдиришти облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Аталган факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий