• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде шайлоого карата даярдык жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Баткенде шайлоого карата даярдык жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык жыйын өттү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облус башчысы Жаныбек Жалалов район-шаар башчылары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине, шайлоону уюшкандыкта өткөрүү боюнча даярдыктарды көрүү, шайлоо участкаларын жылуулук менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруу, үгүт иштерин мыйзам чегинде жана санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүүнү көзөмөлдөөнү тапшырды.

Белгилей кетсек, шайлоо күндөрү 800дөн ашуун ички иштер кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылат.

Координациялык кеңешмеде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жасалып жаткан иш аракеттер да талкууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов тармактардын электрондук ыкмада иш алып баруусу коррупцияга каршы күрөшүүгө өбөлгө болоорун жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуда санариптештирүүнүн артыкчылыктарын белгиледи.

Ошону менен катар КР коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча токтомдор, мыйзамдар боюнча бардык тармактарда кызматкерлер арасында окутууларды жана түшүндүрүү иш аракеттерин жүргүзүп турууну тапшырды.

Ал эми өзгөчө аткезчилик менен алектенген жарандарды калкалап, көмөктөшкөн кызматкерлер, жетекчилер боюнча маалыматтар аныкталса, мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертти.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын регионалдык башкармалыгы тарабынан 21 аткезчилик фактысы аныкталып, келтирилген зыяндар мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий