• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет

Коом 0

Бишкек, 08.07.23. /Кабар/. Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Ал жакта радиоуглеродук лабораторияда антропология, геология, генетикасы боюнча анализдер жана изилдөөлөр чыгарылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Баткен мамлекеттик университети жүргүзгөн археологиялык казууда I,VI кылымдарга таандык кумура, курдун тогосу, бычак, канжар сыяктуу табылгалар, адамдын сөөктөрү табылган.

Он беш адамдан турган археологиялык топ 2023-жылдын 11-июнунан 22-июнуна чейин 10 күндүк казуу иштерин жүргүздү.

Археологиялык казуу иши КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаеванын жетекчилигинде жүргүзүлдү.

Илимий изилдөөгө ОшМУ, ОшМПУ жана БатМУнун магистранттары, студенттери катышышты.

Белгилей кетсек, 1956-1960-жылдардан бери Баткен районунун аймагында археологиялык илимий изилдөө жүргүзүлгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий