• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде Талас облусунун маданият күндөрү башталды

Аймак 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Баткенде Талас облусунун маданият күндөрү башталды. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эки күнгө созулган бул иш чарага КРнын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиева баштаган делегация келди. Уз чеберлер, зергер усталар, элдик таланттардан турган 80ге жакын таластык өнөрпоздорду алгач облустук бийликтин өкүлдөрү Кызыл-Кыя шаарынан тосуп алышты.

Делегация мүчөлөрү, Кызыл-Кыя шаарынын тарыхий музейинде, эс алуу жайларында болушуп, жергиликтүү таланттардын чакан концерттерине күбө болушту.

Баткен шаарынан болсо КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышып, облус борборунда жайгашкан, Баткенден чыккан кыргыздын улуу инсандары Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Разаков, Мурат Салиховдордун эстелигине гүл чамбарларды коюшуп, алардын арбагына багыштап куран окушту.

Андан соң Талас облусунун Баткен облусундагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу бөлүгү башталып, шаар тургундары таластык өнөрпоздордун таланттарына, уз чеберлердин жана зергер усталардын кол эмгектери жайылган көргөзмөгө күбө болушту.

Бул иш чара КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында уюштурулду. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан демилгеленген, облустардагы маданият күндөрүн, биринчилерден болуп Баткен облусу баштап, үстүбүздөгү жылдын 2-3-август күндөрү Баткен облусунун Талас облусундагы маданият күндөрүн өткөрүп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий