• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде талкаланган 618 үйдүн 165и толук ремонтко муктаж — Алимбаев

Аймак 0

Бишкек, 27.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда алдын ала маалымат боюнча, Баткенде 618 үй талкаланган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Нет описания.

Анын айтымында, учурда атайын түзүлгөн комиссия келтирилген чыгым жана зыянды эсептөөдө.

“Облуста 618 үй талкаланган, анын 453ү кайра курулат. Ал эми 165 үй толук ремонтко муктаж”, - дейт ал.

Алимбаев Баткендеги бардык мектеп директорлоруна эвакуацияланган балдарды эч кандай маселе жок мектепке орнотуу боюнча тапшырма бергенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий