• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткендеги Чек ара кызматынын заставасында аскер кызматкери дарыяга кулап кеткен

Аймак 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-июнда Баткен облусунун Зардалы айылында жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын "Коргон" заставасынын 29 жаштагы Ш.у.Р. аттуу аскер кызматкери АКС-74 үлгүсүндөгү куралы менен Ак-Терек дарыясына кулап кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жанындагы аскер кызматкерлери аны куткарып калган, бирок куралы агып кеткен.

Жерине куралды издөө үчүн 3 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду.

1-июль күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий