• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Бука районундагы Кажар айылына таза суу чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 06.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Кажар айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу аталган райондук администрациядан кабарлашты.

Таза суу түтүгү бүгүн пайдаланууга берилди, иш-чарага президенттин жардамчысы Эрнис Ашырбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кайырбек Чаргынбаев, Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Байыш Назарбеков, райондук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Маалыматка ылайык, таза суу чыгарууга "Ас-Сафа" фонду демөөрчүлүк кылган. Ошондой эле айылдын ички жолдору оңдолуп, көчөлөрү жарыктандырылгандыгы айтылат.

"Айыл эли үчүн абдан керектүү болгон таза суу, жол көйгөйлөрүнүн чечилишинде "Ас-Сафа" фондунун жана Эрнис Ашырбаевдин салымы чоң", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий