• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендеги эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтууда

Аймак 0

Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. Баткендеги эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, алгачкылардан болуп Баткен шаарындагы убактылуу жайгаштыруу пунктунан Ак-Сай, Миң-Булак айылынан келген жарандар 2 спринтер автоунаасы менен жөнөп кетишти. Аларды ӨКМдин кызматкерлери коштоп кетти.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.

Чек арадагы чырдан 13 адам жабыркап, ӨКМ чек ара тилкесинде жашаган 11 миңден ашуун адамды коопсуз жайга эвакуациялады.

Ал ортодо КРнын Ички иштер министрлиги Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлады.

2022-жылдын 29-январына карата чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө, ошондой эле облуста милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантып жатат.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу боюнча бир чечимге келишти.

Пикир

Оставить комментарий