• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенге жардам. АКШдагы мекендештер 160 миң доллардан ашык чогултушту

Коом 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. АКШдагы Кыргыз диаспорасы Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултуу боюнча активдүү иштерди улантууда.

КРнын АКШдагы элчилиги билдиргендей, 4-майга карата (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын ар кайсы шаарларында жана штаттарында жашаган мекендештер тарабынан төмөндөгүдөй суммадагы каражат чогултулду:

  • Нью-Йорк шаары – 20 миң доллар (+1-347-852-1941 - Турат);
  • Огайо штаты – 15,7 миң доллар (+1-513-265-6251 - Алтынбек);
  • Питтсбрург шаары (Пенсильвания штаты) – 12 миң доллар (+1-213-500-9508 - Барсбек);
  • Филадельфия шаары (Пенсильвания штаты) – 12 миң доллар (+1-267-212-6775 - Азиз);
  • Чикаго шаары (Иллинойс штаты) – 93,6 миң доллар (+1-312-610-3018 - Кыял);
  • Чикаго шаары (Иллинойс штаты) – 12 миң доллар (+1-267-333-5219 - Каныбек).

"Кандайдыр бир суроолор же каражат чогултууга колдоо көрсөтүү ниети пайда болсо, мекендештер жогоруда аталган телефон номерлерине кайрылышса болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик АКШ аймагында жашаган мекендештерге Баткен облусунун жашоочуларына баа жеткис жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий