• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенге жардам: Бишкек мэриясы жабыркагандарды убактылуу үйлөр менен камсыздады

Коом 0

Бишкек, 14.10.22./Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлердин колдоосу менен мамлекеттик чек арадагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын убактылуу үйлөр менен камсыз кылууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, темир контейнерлерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн.

"Буга чейин да ушундай эле 16 үй жөнөтүлгөн. Жакынкы аралыкта дагы 12 контейнер Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бардыгы болуп 50 контейнер даярдалат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, контейнерлер жана жардамдар «Дордой» соода борбору, «Бишкек курулуш» компаниясы, «Азия универсал» ЖЧКсы, «Баткен Комфорт жана Кут» базарлары, «Арпа» ЖАК, «Ош базары» соода комплексинин ишкерлер биримдиги, «Оберон» ЖЧКсы, «Нурзаман», «Аалам строй», «Ихлас», Демир Кыргыз Интернэшнл Банк, Аслан, СВВЗ ЖЧКсы, Эрнис Кадыров, ошондой эле Алдаяр, «Кербен», «Форт Оберон», «Евразия» базарлары тарабынан берилди.

Пикир

Оставить комментарий