• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Базар-Коргондо 13 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Базар-Коргондо куткаруучулар 13 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүмдү издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган М.Ф. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

"Ошондон кийин издөө иштери башталган. Жерине издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 5 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Натыйжа болгон жок. Бүгүн издөө иштери улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий