• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде балдар бакчасынын жетекчилиги иштебеген адамдар үчүн маяна алып келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.

КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн.

Жогорудагы фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий