• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Каракол - Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол бир тараптуу жабык

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Кечээ, 12-апрелде саат 17:12 чамасында Ак-Суу районунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун болжол менен 83-86-чакырым аралыктарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүп, унаа жол эки тараптуу жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык катталган жерге ыкчам топ жана №11 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 1 грейдер, 1 бульдозер тартылган.

Аталган тилкеге Ички иштер министрлиги тарабынан пост коюлуп, нөөмөт уюштурулган. Саат 23:30да унаа жол бир тараптуу ачылган.

Учурда тартылган техниканын жардамында унаа жолду толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий