• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" эл аралык аэропортунда мектеп окуучулары үчүн экскурсия уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунда мектеп окуучулары үчүн экскурсия уюштурулду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экскурсия аэропорттун "Кесипке карай саякат" саамалыгынын алкагында Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринин окуучуларына уюштурулду.

"Окуучулар авиа жүргүнчүлөргө чектелген аймактарда болушуп, аэропорттун ишмердүүлүгү менен толук кандуу тааныша алышты. Аэропорттун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү каттоодон баштап, учактарды тейлөө процесстерине чейин көрсөтүп, маалымат беришти. "Кесипке карай саякат" бул авиациялык тармак менен таанышуу эле эмес, келечекте кесипти туура тандоого багыт берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, "Кесипке карай саякат" саамалыгы 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган.

Пикир

Оставить комментарий